Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги "АПКР‑6. IV бөлүк. Аба кемелерин эксплуатациялоо. Учкучсуз учуучу аппаратар" деп аталган авиациялык эрежелердин долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
Мекеменин маалыматына караганда, долбоор жарандык авиацияда учкучсуз учуучу аппараттардын ишин жөнгө салуу, аларды пайдалануунун тартибин аныктаган нормаларды киргизүү максатын көздөйт. Чет өлкөлөрдөн дрон алып келип Кыргызстанда учурууну каалагандар жана өлкөдөгү дрон ээлери бул эрежелерге шайкеш иш алып барышы керек.
Дрондорду каттоо жана реестрге киргизүү, аны башкарган операторго атайы сертификаттарды берүү, анын милдеттерин так аныктоо, дронду учуруу боюнча уюштуруу иштерин пландоо, дронду белгилүү бир бийиктикке учуруу, тартууга мүмкун болбогон аймактар жана башка бул жааттагы бир катар талаптар жана милдеттемелер документте жазылган.
Мындай эрежелер башка укуктук актыларга өзгөртүү киргизүүнү, республикалык бюджеттен кошумча каржылык чыгымдарды талап кылбай турганы долбоордун түшүндүрмөсүндө жазылган.
Бул долбоор колдоо таап, ишке ашса дрон ээлери атайын окуудан өтүп, күбөлүк алып, ошондой эле дрондорун каттатышы керек.
Буга чейин бир канча дрон операторлору дрондорун укук коргоо органдарынын кызматкерлерине алдырып, 7500 сомдон айып пул төлөшкөн. Ноябрь айында авиациялык институтта бир канча жаран авариялык кырдаал, коопсуздук сыяктуу эрежелерди үйрөнгөн. 2-3 жума окуп бүткөндөн кийин аларга бериле турган сертификаттын мөөнөтү чектелбей турганы айтылган (KS)
Шерине